Month: November 2022

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси көп квартиралуу турак үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо жана жол-жоболоо долбоорлорун иштеп чыгууга документтерди кабыл алууну кайрадан баштайт.

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы “Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана жол-жоболоо тартиби жөнүндө…

Маалыматтык-жарнамалык конструкцияларга архитектуралык-техникалык корутундуну кантип жана кайсыл жерде жол-жоболоо керек?

Бүгүнкү күндө, Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен бардык мыйзамсыз жана шайкеш келбеген, жарнамалык маалыматтык конструкциялар, ошондой эле шаарыбыздын көркөм-эстетикалык көрүнүшүнө карама-каршы келген конструкциялар боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Учурда, Бишкектеги бардык сырткы…

Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана Бишкек
шаарынын казыяты мечиттердин имараттарын мыйзамдаштыруу
маселесин көтөрүштү.

Жыйындар залында мечиттердин өкүлдөрүнө “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальнигинин орун басары Данияр Бапышов жана архитектуралык-пландоо тапшырмалары бөлүмүнүн начальниги Гүлзада Усупекова түшүндүрмө беришти.Келгендерди негизинен өзүнүн менчик аймагында курулган мечиттерди мыйзамдаштыруу маселеси кызыктырды.…

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев
борбор калаанын жер участокторун сейил бактарга, гүлбакчаларга
жана жашыл зоналарга бекитүү маселеси боюнча комиссияга
катышты.

“Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, архитекторлор жана мэриянын кызмат өкүлдөрү кирген комиссиянын мүчөлөрүнүн кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев келечектеги гүлбакчалар жана сейил бактар…

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев “Сервис стиль” компаниялар тобунун башкы
директору Лениза Ризванова жана анын кызматкерлери менен жолугушту.

Алар, Татарстандан Бишкекке тажрыйба алмашуу жана мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды жана башка социалдык объектилерди эмерек өндүрүшү менен жабдуу жана комплектөөдө жаңы технологияларды колдонуу жөнүндө айтып берүү үчүн келишкен.Жалпысынан, алардын компаниясы…

Бишкек шаарында Мамкурулуш агенттиги Кыргыз Республикасындагы Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган “ЖМКлар кызматташтыгы кубогу 2022” аталышындагы футбол турнирин өткөрдү.

Анда Мамкурулуштун, “Бишкек шаардык башкы архитектурасынын” кызматкерлери жана журналисттер ат салышты. Жана ошондой эле анда катышуучулардын бардыгы мыкты даярдыгын, чеберчилигин жана жеңишке жигердүүлүгүн көрсөтө алышты. Турнир достук жана майрамдык маанайда…

Абдыкадыр Орозбеков (1889-1937-ж.ж.) Кыргыз саясий жана
мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССР / Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун Төрагасы.

Анын төрагалык астындагы жылдарында Кыргызстанда ондогон өнөр-жай ишканалары жана мектептер курулган.1937-жылы сентябрь айында камакка алынып, атып өлтүрүлгөн.1956-жылдын 21-майында өлгөндөн кийин акталган.Кыргыз ССРнин Эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардыкСоветинин аткаруу комитетинин чечими менен…

Өлкөбүздүн тарыхы үчүн бул маанилүү даталар, 7-8-ноябрда Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн ысымдарына байланыштуу кыска видеолордун циклин даярдады.Ошентип, биз мамлекеттик ишмер–саясатчы, Жусуп Абдрахмановду баштайбыз.

Бишкектин сейил бактарына, гүл бакчаларына жана жашыл
зоналарына көңүл буруу.

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин залында депутаттар, архитекторлор жана Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин өкүлү менен биргеликте сейил бактарга, гүл бакчаларга жана жашыл зоналарга жер участокторун бекитүү боюнча маселелерди талкуулашты.“Бишкекбашкыархитектуранын”…