Алар, Татарстандан Бишкекке тажрыйба алмашуу жана мектептерди, бала бакчаларды,
ооруканаларды жана башка социалдык объектилерди эмерек өндүрүшү менен жабдуу жана
комплектөөдө жаңы технологияларды колдонуу жөнүндө айтып берүү үчүн келишкен.
Жалпысынан, алардын компаниясы 11 жылдан бери иштеп келе жатат жана ушул мезгилде 700дөн
ашуун объектилерди долбоорлоп, жабдышкан. Коноктор, Казань эл аралык аэропортун,
Набережный Челнадагы 12 кабаттуу оорукананы жана балдар лагерин эмерек менен кантип
жабдышканын көрсөтүшүп, конкреттүү мисалдар менен түшүндүрүштү.
Өз иштеринде чет өлкөдөн келген кесиптештеринин мыкты тажрыйбаларын колдонууга аракет
кылаарын айтышты. Объекттерди долбоорлоо баскычында, аларды эксплуатацияга бергенден
кийин да адамдар өздөрүн жайлуу сезе тургандай жагдайларды кароо зарыл. Бул жагынан алганда,
Татарстандык кесиптештерден алган маалыматтар бизге абдан пайдалуу болот.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.