Анын төрагалык астындагы жылдарында Кыргызстанда ондогон өнөр-жай ишканалары жана мектептер курулган.
1937-жылы сентябрь айында камакка алынып, атып өлтүрүлгөн.
1956-жылдын 21-майында өлгөндөн кийин акталган.
Кыргыз ССРнин Эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардык
Советинин аткаруу комитетинин чечими менен Киргизская көчөсү Абдыкадыр Орозбеков атындагы көчөсүнө кайрадан аталган. Бул көчөдө Бишкек шаарынын тарых жана маданий эстеликтери болуп эсептелинген административдик жана турак-жай имараттары, бир катар гүл бакчалар жана сейил бактар, №27 – орто билим берүүчү мектеби, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын имараты, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архиви, “Кыргызмамжердолбоорлоо” Мамлекеттик жерге жайгаштыруу долбоорлоо институту, Бишкек шаардык соту жайгашкан .- А.Орозбековдун бюсту (скульптор А. Усукеев) Пушкин көчөсүндөгү Борбордук сейил багындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн аллеясында орнотулган.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.