Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын майрамдоонун алдында, 2024-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарынын Самойленко көчөсүндөгү Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №25 аймактык милиция пунктунун имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев “Бишкекбашкыархитектура” МИ Ленин районунун башкы архитектору Руслан Жусубалиевге Ардак грамота тапшырды.
Бишкек ШИИБ начальниги, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө элдин коопсуздугу үчүн кызмат кылуу укук коргоо органдарынын түздөн-түз милдети экенин белгилеп, ишине ийгилик каалап, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине жана Ленин райондук администрациясынын башчысы Жыргалбек Шакиевге мезгилдин талабына ылайык милициянын иштөөсүнө шарт түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди. Соңунда ал конокторго мааракелик медалдарды жана Ардак грамоталарды тапшырды.
Бишкекбашкыархитектура МИнин башкы адис, райондор аралык архитектура бөлүмүнүн шаар четиндеги аймак боюнча Турдубек Сатиев Ардак ардак грамота менен сыйланды.
2024-жылдын 27-сентябрында Экономика жана коммерция министрлигинде администрациялык-аймактык реформаны ишке ашырууга салым кошкон мамлекеттик кызматкерлерди сыйлоо аземи өттү.
Министрдин орун басары Чоро Сейитов реформага токтолуп, анын маанилүүлүгүн белгиледи. Сурамжылоого ылайык, респонденттердин 8% мамлекеттик кызматтардын жакшырганын, 25% жакшыра түшкөнүн, 57% өзгөрүүсүз калганын айтышкан.
Ч.Сейитов министр Данияр Амангелдиевдин атынан лауреаттарды куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Андан соң сыйлыктар тапшырылды.