Көрсөтмө: Дизайн-коддун негизги эрежелери
Бишкек шаарынын дизайн-кодунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында, Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистери имараттардын фасаддарын туура жасалгалоонун үлгүсүн көрсөттү.
Урматтуу интернет-провайдерлер!
Бишкек шаарынын “Дизайн-код” долбоорунун экинчи этабын жана “Ачык асман” концепциясын ишке ашыруунун алкагында имараттардын фасаддарында иретсиз жайгашкан инженердик коммуникацияларды (ВОЛС) иретке келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө чакырабыз:
-Имараттардын жана курулмаларынын көчө тарабындагы (алдыңкы) фасаддары боюнча тартылган бардык кабелдерди өз алдынча демонтаждоо;
-Байланыш линияларын жер астынан же ички (двордук) фасаддар аркылуу орнотуу жолу менен кайра жайгаштыруу;
-Бардык сырткы инженердик тармактарды архитектуралык талаптарга ылайык иретке келтирүү. Иш-чаранын биринчи этабы Жибек Жолу проспектиси, Чүй проспектиси, Ж. Абдрахманов көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси, И. Ахунбаев көчөсүндө жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын тургундарын жарандык активдүүлүк көрсөтүүгө жана өз интернет-провайдерлерине кайрылып, фасаддар боюнча тартылган кабелдерди мүмкүн болушунча тез арада иретке келтирүүнү талап кылууга чакырабыз.
Кошумча суроолор боюнча, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгына кайрылсаңыздар болот: 0312-31-29-90
Бүгүн сөз кылчу тема “Банкоматтар” Дизайн-коддун негизинде кандай болушу керек жана кандай болбошу керек жөнүндө мисалдарды көргөзөбүз.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 14-май № 134
Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын бирдиктүү архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн калыптандыруу максатында, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-, 15-, 16-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-, 34-беренелерине, “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптар;
2-тиркемеге ылайык имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы.
2. Бишкек шаарынын мэриясы өз ишинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди так жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптар мурда түзүлгөн жарнамалык конструкциялар үчүн муниципалдык жер участокторго ижара келишимдерге, ошондой эле аларды узартууда таркатылбайт.
4. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №150 “Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К. Конгантиев