Бишкекбашкыархитектуранын тарыхы
Бишкекбашкыархитектураны түзүү тарыхы
Бишкек шаар катары 1825-жылы курулган Пишпек деп аталган дөңсөөдөгү чептин жанында пайда болгон. Чеп 4 гектардан ашык аймакты ээлеген. XX кылымдын 60-жылдарынын аягында чептин жанында көчүп келген Аламүдүн жана Пишпек калктуу пункттары негизделет. 1878-жылдын жазында Пишпекке Токмоктон уезддик мекемелер которулат жана Пишпек Туркестан генерал – губернаторлугунун Жети суу областынын уезддик шаары болуп калат. Ошол эле жылы генерал Г.А. Колпаковский тарабынан шаардын планы бекитилген. Долбоордо 50х30 бактуу кварталдары менен көчөлөрдүн тик бурчтуу системасы жайгаштырылган. Квартал 4-6 короо-жай участогуна бөлүнгөн. /ф-2/ Пишпектин табийгый чек аралары 1917-жылга чейин батышынан – Ала-Арча суусу, чыгышынан – Аламүдүн дарыясы болгон /ф-1/.
Шаарды пландоодо жана тышкы келбетинде жергиликтүү климаттык жана тиричиликтик тарыхый калыптанган шарттар жана өзгөчөлүктөр чагылдырылган. Турак үйлөрдүн архитектурасы негизинде сарамжалдуу чечилген планга жана жөнөкөй архитектуралык көрүнүшкө ээ болгон.
1913-жылы шаарда 25 узунунан жана 14 туурасынан жайгашкан көчөлөр болгон. Пишпектин көрүнүшү айыл тибинде болгон. Курулуш жеке долбоорлордун негизинде, кээде документсиз жүргүзүлгөн.
1925-жылы жарандык курулуш боюнча биринчи мамлекеттик контора пайда болгон.
Шаардын курулушу тандалып, негизинен көчөлөрдүн буга чейин түзүлгөн кеңдик-меридианалдык сеткасына баш ийип жүргүзүлгөн.
Шаардын көчөлөрү 3 катарга бөлүнгөн:
- Борбордук бөлүктүн көчөлөрү;
- Ортоңку
- Шаар четиндеги
Биринчи турак жай курулушунун комплекси 9 бир кабаттуу 4 батирлүү үйлөрдөн турган, “Интергельпонун” өнөрканаларына жакын турак жай конушунун – “Тегерек шаарчанын” курулушунун башталышы (азыркы “Жумушчу шаарчасы” /ф-41/).
Революцияга чейинки Кыргызстанда өзүнүн кесипкөй архитектор адистери болгон эмес. Мындай абал узак убакытка чейин сакталган, 30-жылдардын экинчи жарымына чейин курулуштар, 1926-жылы “Кыргызкурулуш” трести уюшулганга чейин Россиянын курулуш уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн. “Кыргызкурулуш” мекемеси 3 жылдан кийин Фрунзе шаарынын гана эмес курулуш уюмдарын жетектеген ири республикалык “Кыргызкурулушбирикме” мекемесине кайра түзүлгөн. Кийинчерээк бирикме эки шаардагы бир кыйла адистештирилген уюмдарга – “Өндүрүшкурулуш” жана “Жарандык курулушка” жана бир катар областтык курулуш уюмдарына бөлүнгөн.
1926-жылы Фрунзеде алгачкы долбоордук уюмдар, долбоорлоо-сметалык бюро пайда болгон, архитектура тармагындагы адистердин өз алдынча чыгармачылык ишинин реалдуу мүмкүнчүлүктөрү ачылган.
Кийин, 30-жылдын башында жарандык курулуш боюнча долбоордук уюм – “Кыргызмамдолбоор” уюшулган, ал акырындык менен өзүнүн изилдөө кызматы менен жарандык жана өнөр жайлык долбоорлоо боюнча жетектөөчү мамлекеттик трестке өсөт.
Кыргыз АССРинин Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 1932-жылы Фрунзе шаарында шаарларды сүрөткө тартуу, пландоо жана инвентаризациялоо боюнча трест – “Кыргызшаарпландоо” уюшулган. Андан кийин, 1936-жылдын 31-августунда, Кыргыз АССРиндеги пландоо боюнча иштин көлөмүнүн чоңдугун жана өткөн жылдардын тажрыйбасын эске алып, Фрунзеде архитектуралык-пландоо башкармалыгын (АПБ) уюштуруу максатка ылайыктуу деп, Фрунзе Шаардык кеңешине жана Кыргызшаарпландоого зарыл болгон адистерди чакыруу менен АПБны уюштурууну тездетүү сунушталган жана Фрунзе шаарын пландоо боюнча иштерди кийин Фрунзе шаарында АПБны уюштуруу менен биринчи РСФСР НККХ архитектуралык-долбоорлоо өнөрканасына өткөрүп берүү жөнүндө Т.Соловьевдун ой-пикирин эске алуу чечими кабыл алынган.
Архитектуралык-пландоо башкармалыгы түзүлгөн жок, бирок архитектуралык-пландоо өнөрканасы иштеген жана 1936-жылы төмөнкүлөрдөн турган:
- Архитекторлор өнөрканасынын начальниги 1 адам (Лактионов)
- Архитектор 1 адам
- Инженер-экономист 1 адам
- Экономист-изилдөөчү 1 адам
- Статист 1 адам
- Техник-чиймечи 2 адам
- Чиймечи 2 адам
- Ченемдөөчү – архивариус 1 адам
- Катчы-завхоз 1 адам
- Бухгалтер-инкассатор 1/2 адам
- Курьер-тазалоочу 1/2 адам
1936-жылдын 9-октябрында РК жана КД шаардык кеңешинин Президиумунун жыйынында чечилген:
- Шаар куруу кеңешинин Президиумунун алдында өз алдынча чарба жүргүзүү бирдиги катары архитектуралык-пландоо өнөрканасын түзүү;
- 1936-жылдын аралыгында пландоо долбоорлорун түзүүгө жакынкы убакытта киришүү үчүн бардык даярдоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүнү Шаарды пландоо комиссиясына жана Шааркомчарбага сунуштоо;
- Шаардык кеңештин Президиумунун алдында Архитектуралык-долбоорлоо башкармалыгын түзүү жөнүндө сунушту Президиумдун кезектеги жыйынына киргизүүнү Шаарды пландоого тапшыруу;
- КырАССР ЭККсынан ушул токтомду, ошондой эле Архитектуралык-пландоо өнөрканасынын кызматкерлеринин штатын бекитүүнү сурануу.
1937-жылы Архитектуралык-пландоо өнөрканасынын штаты көбөйгөн:
- Архитекторлор өнөрканасынын начальниги 1 адам
- Экономист-изилдөөчү 1 адам
- Инженер-экономист 3 адам
- Архитектор 3 адам
- Инженер-сантехник 1 адам
- Инженер-транспортчу 1 адам
- Статист 1 адам
- Техник-чиймечи 2 адам
- Чиймечи 4 адам
- Ченемдөөчү – архивариус 1 адам
- Катчы-бухгалтер 1 адам
- Машинистка 1 адам
- Тазалоочу 1 адам
30-жылдары көчөлөрдү жана аянттарды көрктөндүрүү иштери улантылат, ири өнөр-жай ишканаларынын имараттары курулат.
1937- жылы биринчи жолу шаарды топографиялык сүрөткө тартуу жүргүзүлгөн жана анын негизинде инженер Смирнов тарабынан Фрунзе шаарынын 1-башкыпланы түзүлгөн, ал боюнча согуш алдындагы жылдары шаарды кайрадан конструкциялоо башталган. Турак-жай курулушу үчүн санитардык жактан абдан ыңгайлуу аймактар бөлүнгөн, коомдук жана маданий-агартуу мекемелерин, өнөр жай жана коммуналдык объекттерди жайгаштырууну эске алуу менен шаардын айрым аймактарынын ортосунда эң мыкты байланыш каралган. Шаарда сейил бактар /Фучик атындагы сейил бак/ /ф-3/, гүлзарлар, бакчалар, жаңы жашыл массивдер курулуп, көлмөлөр түзүлгөн.
Жергиликтүү долбоорлоочулар москвалык жана ленинграддык уюмдар тарабынан даярдалган долбоорлорду райондун сеймикалык туруктуулугуна, курулуш материалдарынын ж.б.у.с. бар экендигине оңдоолору менен пайдаланышкан.
Шаарды башкы план боюнча куруу 1940-жылы башталган. Андан кийинки иштеп чыгуулар Улуу Ата Мекендик согуштан кийин улантылган. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышына байланыштуу АДБ түзүлгөн эмес.
Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин, бүт өлкө шаарларды, айылдарды, завод, фабрикаларды кура баштады.
1947-жылы Фрунзе шаарынын башкы архитектору Федор Петрович Стеблин болгон. Ал Жамбыл областынын Мерке айылында туулган, 1936-жылы Ленинград коммуналдык курулуш институтунун архитектуралык-көркөм бөлүмүн аяктаган жана ошол эле жылы Фрунзеге келген.
СССР Архитекторлор Союзунун 1938-жылы түзүлгөн Кыргыз бөлүмүнүн биринчи башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган. Өзүнүн кесиптештеринин чыгармачыл демилгелерин өнүктүрүү менен Ф.П. Стеблин өзү дайыма архитектуралык долбоорлоодо жана чыгармачыл сынактарда катышкан. 1938-жылы анын долбоору боюнча Областтык аткаруу комитетинин имараты (азыркы Киров көчөсүндөгү гезиттер редакцияларынын үйү), 1940-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун имараты (Москва – Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде) курулган /ф-10/. 1939-жылы анын долбоору боюнча Фрунзеде Пионерлер сарайынын курулушу башталган /ф-12/. Пионерлер сарайынын курулушу В.Е. Нусовдун долбоору боюнча аяктаган. 1950-жылдын 16-октябрында Башкы архитектордун кызмат ордуна Лихопетов Василий Кириллович бекитилген. Ал 1908-жылы Түндүк Кавказдын Воронцово – Александровское айылында туулган. Москва архитектуралык институтунун турак жай жана коомдук курулмалар, шаарларды пландоо факультетин 1937-жылы аяктаган. 1938-жылдан тартып жетекчилик кызмат орундарын ээлейт: Москва архитектуралык институтунун окуу бөлүмүнүн начальниги, РСФСР шаарлары боюнча долбоорлоонун башкы архитектору, калыбына келтирилүүчү шаарларды долбоорлоо боюнча башкы архитектор, Өзбек ССРинин Чирчик шаарынын долбоорунун башкы архитектору жана автору.
В.К. Лихопетов Фрунзе шаарынын башкы архитектору болуп иштеген мезгилде шаардын экинчи башкы планы иштелип чыккан. Авторлору: А.С. Смолицкий, Г.Д. Бабад. Ушул план боюнча төмөнкү аянттар жеринде жүзөгө ашырылган:
- Опера жана балет театрынын жанында маданият аянтчасы.
- Университеттик
- Советтик
- 22 Партсъезд проспекти
- Илимдер академиясынын имараттарынын комплекси /ф-13/
Экинчи башкы планда олуттуу кемчиликтер болгон:
- өсүп жаткан жашагандардын саны эсепке алынбаган
- курулуштун кабаттуулугу атайын кемитилген. Негизинен типтүү долбоорлор боюнча негизинен 2, 3 кабаттуу турак үйлөр курулган. Жеке короо-жай участогунун курулушу негизги көлөмдү түзгөн. /ф-14/
Верюжскийдин “1946-1950-жылдардагы техникалык-экономикалык каттар” докладынан алганда, өткөн жылдарда Фрунзе шаарында шаардык архитекторлор жана башкы инженерлер дайыма алмашып турушкандыгы маалым болот жана кызмат ордунда кыска убакыт болуудан улам шаарды изилдеп жана анын курулушун багыттай алышкан эмес.
Бир жылдан кийин, 1951-жылдын 24-августунда, башкы архитектор болуп Игорь Александрович Люблинский дайындалган. Ал 1914-жылы туулган. 1940-жылы Чкалов атындагы Горький инженердик-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган, 1951-жылы Москва Архитектура институтунун алдындагы архитекторлор билимин өркүндөтүү факультетин аяктаган.
И.А. Люблинский 1940-жылы институтту бүткөндөн кийин Горький темир жол түйүнүнө караштуу Долбоорлоо Конторасынын Башкы архитектору болуп иштеген жана август айында Советтик Армиянын катарына чакырылган. 2 өкмөттүк сыйлык – медалдарды алган.
1946-жылы аскерден бошонот жана 1949-жылга чейин Сочи шаарынын Башкы архитектура башкармалыгында иштейт. Андан кийин аны Кыргызстанда иштөө үчүн багытташат. Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы Архитектура иштери боюнча башкармалык И.А. Люблинскийди Фрунзе шаарынын Башкы архитекторлугуна дайындоону сунуштай.
50-жылдардагы кыска, бирок татаал убакыт архитектуранын монументалдык искусство менен өз ара аракеттенүүсүнүн башталышы болду жана негизги формаларын аныктады. 1952-жылы Фрунзе ипподромунда архитектор Нусовдун долбоору боюнча 5 миң орундуу трибуна курулган. /ф-15/, Альбанскийдин долбоору боюнча “Ак-суу” газдалган суу павильону курулган. Анда салттуу декоративдик-колдонмо искусствосунун элементтерин максималдуу пайдаланууга жана боз үйдүн архитектуралык жүйөлөрүн киргизүүгө умтулуу байкалат.
И.А. Люблинский Советтик аянттын коомдук имараттарынын архитектуралык ансамблин түзүүгө, тактап айтканда “Кыргызгипрокурулуш” имаратын түзүүгө катышат./ф-17/
1955-жылы Архитектура башкармалыгы Киев көчөсүнө, Краснооктябрьский бурчуна көчөт, анда ал 1974-жылдын октябрына чейин турат. /ф-18/
1954-жылы Москвада өткөн архитекторлордун, инженерлердин жана куруучулардын Бүткүл союздук кеңешмесинде, бардык курулуштарды индустриалдык завод ыкмасына өткөрүү чечими кабыл алынган. Мында архитектуранын жана долбоорлоонун учурдагы багыты курулуштун прогрессивдүү ыкмаларынын жалпы өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткандыгы белгиленген. Бул токтом архитектура багытында чоң тарыхый мааниге ээ болгон. Анда, архитектуранын негизги мүнөзү жөнөкөйлүк, катуу форма, үнөмдүүлүк жана кооздук экендиги көрсөтүлгөн. Кыргызстандын архитектурасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычы башталган. /ф-19/ Бул мезгилде кызматкерлердин штаты кеңейтилген. Капиталдык курулушка жер участогун бөлүүгө топ 3 адамга чейин көбөйгөн. Жекече курулуштар боюнча бардык жараяндар Архитектура башкармалыгында жүргүзүлгөн.
50-жылдары Кыргызстанда, айрыкча Фрунзеде көп окуу жайлары курулган. 1956-жылы республикалык партиялык мектептин /ф-20/, Өкмөт үйүнүн курулушу аяктаган /ф-21/.
Бул мезгилде башкы архитектор Мунир Нигматуллович Муксинов болгон. Ал Кытайдын Синьцзян провинциясында, Кульджа шаарында туулган. 1940-жылы Ленинград инженердик-курулуш институтунун архитектура факультетин аяктаган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1947-жылы Кыргызстанда иштеген. 1948-жылдан 1956-жылга чейин Ленинграддагы “Гипролестранс” Бүткүл союздук институтунун башкы план бөлүмүнүн начальниги болгон. 1956-жылы кайрадан Кыргызстанда иштейт. Алгач “Кыргызгипрокурулуш” институтунда жана Кыргыз ССРинин Мамкурулушунда иштейт. Доцент окумуштуулук даражасы менен 1956-жылдан 1975-жылга чейин Фрунзе политехникалык институтунун “Архитектура” кафедрасында окутуучу болуп иштеген. Фрунзе шаарында турак жай райондорунун планын иштеп чыгууга катышкан. М.Н. Муксинов турак үйлөрдүн жана коомдук массалык багыттагы имараттардын типтүү долбоорлорунун көп санын иштеп чыккан. 1956-жылдан тартып үй-бүлөлүк отурукташууга батирлер кеңири жайылтылган. Турак үйлөрдүн типтүү долбоорлорунда бурчтук участоктор кемитилген. 1 жана 2 бөлмөлүү батирлердин саны өскөн. Курулган дүкөндөр жана башка тиричилик жайлар алынып салынган. Сунушталган серия кемчиликтерге ээ болсо да, ошол эле учурда турак жай имараттарынын архитектурасын өнүктүрүүдө алдыга кадам болгон.
1960-жылы чоң турак жай курулушуна байланыштуу, бош жерлерди курулушка пайдалануу маселеси өтө курч турган. Бош жерлерде турак-жайларды жайгаштыруунун ашкере көбөйүшү, шаардын аймагынын катуу кеңейишине жана транспортко жана инженердик-техникалык коммуникацияларга чыгымдардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.
60-жылдары өнөр жай архитектурасы кыйла тез өнүгөт.
1960-жылы АПБнын башкы архитектору Петр Александрович Афонин болуп калат, ал биздин шаардын кооз республикалык шаарлардын бири болушу үчүн эч кандай күчүн, ден-соолугун аяган эмес.
Архитектор П.А. Афонин Пенза областынын Дворянский-Умыс айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1947-жылы Харьков коммуналдык чарба инженерлеринин институтунун архитектура факультетин аяктаган. 1948-жылы Кыргызстанда Архитектура иштери боюнча башкармалыкта иштеген. П.А. Афониндин кызыктуу иштеринин бири, Очинский, Люблинский, Коноваловдун жаамаатында аткарылган Советтик аянттагы “Кыргызгипрокурулуш” долбоорлоо институтунун имараты эсептелет./ф-17/
Шаар курулушун долбоорлоо борбордук илим-изилдөө институту 1962-1963-жылдары Фрунзе шаарынын башкы планын жаңыдан иштеп чыгууну баштаган, ал архитекторлор Соколов-Добров, Ненароков, Савельев, Низова, Бабад тарабынан 1968-жылы аяктаган.
Ушул план боюнча шаардын аймагы турак-жайлардын жана коомдук имараттардын кабаттуулугун арттыруунун эсебинен бир аз кыскарган. Аны өнүктүрүү негизинен түштүк багытта, ошондой эле чыгыш жана батышта каралган. Өнөр жай зонасы түштүк-чыгыш жана батыш бөлүгүнө болжолдонгон. Аэропорт шаардын четине чыгарылат. Сырткы транспорт үчүн жол түндүк жана түштүк тарапты айланып долбоорлонот.
60-жылдардын 1-жарымында турак жай курулушу чоң эмес кичи райондордо жүргүзүлгөн. Турак үйлөр шаардын отурукташылган бөлүгүнө да курулган, бирок алардын салыштырма салмагы анчалык жогору эмес болгон.
Турак-жай имараттарын комплекстери менен куруу курулушту уюштурууну жана индустриалдаштырууну бир кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берген.
1962-жылы шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндө Аламүдүн жана Ала-Арча суусунун ортосунда 9 ири кичи райондон жана коомдук борбордон турган турак жай конушунун курулушу башталган. 60-жылдардын башында Фрунзеде 2 аянтчалуу республикалык борбор жана 3 аянтчасы бар жаңы шаардык борбор түзүлгөн. Турак жай курулуш райондорунда, кичи райондордо жаңы коомдук борборлор түзүлгөн. Шаардын башкы планы боюнча анын аймагы 2 ири өнөр-жай районуна: батыш жана Чыгыш; турак-жай, жашылдандыруу жана массалык эс алуу аймактарына бөлүнөт.
1966-жылдын 1-январына карата Фрунзе шаарында 70 тен ашуун фабрика заводдор болгон. Санитардык-гигиеналык жана башка өңүттөн караганда өнөр жайы тарыхый ийгиликсиз жайгашкан. Бул Кыргызстандагы ошол кездеги шаар курулушундагы негизги көйгөй болгон. 1965-жылы Башкы архитектор башкармасында иштегендердин саны 28 адамга чейин көбөйгөн, ал эми 70-жылга 36 адамга чейин өскөн. Ошол эле жылы март айында шаардын башкы планы иштелип чыккан жана бекитилген.
1967-жылы 8 адамдан турган аткаруучу сүрөткө тартууну аткарган долбоордук-сметалык топ уюштурулган. Транспорттун, тийиштүү геодезиялык материалдардын жоктугуна карабастан 1969-жылга карата 2900 архитектуралык-пландоо тапшырмасы иштелип чыккан.
1968-жылы Аскар Исаевич Исаев шаардын башкы архитектору болот. Ал 1931-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1955-жылы “Кыргызпромсельстрой” долбоорлоо институтунда, 1960-жылдан 1968-жылга чейин Кыргыз ССРинин Мамкурулушунда шаарларды пландоо жана куруу бөлүмүнүн начальниги, “Казгипроторг” филиалынын жетекчиси болуп иштейт. Аскар Исаевич башкы архитектор болуп турган мезгилде, анын долбоорлору менен курулган:
- 1969-жылы – М.В. Фрунзенин эстелиги /ф-26/
- 1970-жылы “Сейил” рестораны /ф-27/
- 1971-жылы Эмен сейил багында “Түбөлүк от” /ф-28/
1970-жылы шаардын башкы планы жана анын борбордук бөлүгүнүн курулушунун эскизи бекитилген. Архитектуралык кооздукка айланган бир катар олуттуу коомдук жана маданий-тиричилик имараттары курулган.
Бул жылга карата бардык бош аймактар пайдаланылып, эскирген аз кабаттуу турак жай фондун бузуп алуу менен курулган аймактарды кайра конструкциялоо жөнүндө маселе келип чыккан.
70-жылдардан баштап социалдык-маданий мекемелер менен комплексте ири масштабда турак үйлөр (кичи райондор), “Түштүк дарбаза” /ф-29/, Советтик жана Бөкөнбаев көчөлөрү /1978/ /ф-30/ ж.б. курулат. Алардын архитектурасы климаттык шарттарды жана улуттук-декоративдик өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мүнөздөлөт.
Курулуштун жаңы этабы шаардын жаңы башкы архитекторунун ишмердүүлүгү менен байланыштуу.
1972-жылдан тартып Архитектуралык-пландоо башкармалыгын республиканын эмгек сиңирген архитектору Геннадий Платонович Кутателадзе жетектейт. Анын туруктуулугу жана энергиясынан улам башкармалык 1974-жылы жаңы жайлуу имаратка көчөт, АПБнын түзүмү тамырынан өзгөрөт. Жогорку билимдүү адистердин эсебинен башкаруунун сандык курамы кыйла көбөйөт.
1952-жылдан тартып 1980-жылга чейин 4935 архитектуралык-пландоо тапшырмалары иштелип чыгат. Мамлекеттик архитектура курулуш көзөмөлдөө тобу тарабынан шаарда курулуп жаткан бардык объектилердин курулушуна туруктуу контроль жүргүзүлөт. Инженердик жабдуу бөлүмү инженердик коммуникациялардын жер алдындагы жана жер үстүндөгү чарбасы боюнча чоң иштерди жүргүзөт, бардык инженердик тармактар боюнча нөөмөттүк пландар түзүлгөн. Долбоорлорду кароо жана долбоорлоо иштерин координациялоо бөлүмү техникалык кеңештерди уюштурат, аларда андан ары шаарда курулуш жүзөгө ашырылган бардык долбоорлор каралат. Жерлерди бөлүү жана контролдоо бөлүмү тарабынан бардык курулуп жаткан объектилердин кезметчи планы, мурда бөлүнгөн жер участокторунун өздөштүрүлүшүн контролдоо жүргүзүлөт. Геодезиялык бөлүмдө М 1:2000, М 1:500 масштабындагы бай геодезиялык материалдар, кызыл сызыктар боюнча долбоордук иштелмелер топтолгон. Жалпы бөлүм ага жүктөлгөн иш кагаздарды жаңы метод менен так аткарат, бөлүмдөрдүн ортосунда социалдык мелдештер уюштурулат. Шаар четиндеги зона көзөмөлдөнөт.
Бул мезгилде шаар таанылгыз болуп өзгөргөн, көптөгөн кичи райондор пайда болгон, өнөр жай зоналары уюштурулган, шаардын борбору белгилүү болгон, көптөгөн аз кабаттуу курулуштарды бузуп алуу жүзөгө ашырылган, кооз сейил бактар, гүлзарлар, административдик имараттардын ансамблдери пайда болгон – Кыргыз ССРинин Илидимдер Академиясы /ф-/, жогорку окуу жайлар, маданий-коомдук имараттар, балдар мекемелери ж.б.
Андан кийинки курулуш баскычы – шаардын борбору.
Борборду куруунун кызыктуу долбоору иштелип чыккан. 1980-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңеши тарабынан бекитилген.
Борбордун өзөгүнүн чек арасы 9-12-16-18 кабаттуу турак үйлөр менен түзүлөт. Алар коомдук имараттар менен бирге шаардын түзүлүшүн түзүүдө жана силуэтинде чоң ролду ойнойт.
Турак үйлөр ири панелдик, каркастык-панелдик, кыш конструкцияларда курулат, монолиттик аткаруу өздөштүрүлөт.
Аны менен бирге шаардын курулушунда кемчиликтер да бар:
- Бекитилген Башкы планды бузуп, 25-35 миң көрүүчүлөрү менен шаардык стадионду шаардын түштүк бөлүгүндө эмес, татаал климаттык, сейсмикалык жана транспорттук шарттары менен түндүк бөлүктө долбоорлоо кабыл алынган.
- Шаардын борборун деталдуу пландаштыруу долбоору бекитилгенден кийин 2 жыл өттү жана бул убакта долбоорду 5 жолу бузуу белгиленген;
- Узак убакыт бою шаардын көптөгөн ири магистралдары, айрым ансамблдери бүткөн жок.
Бирок, шаар куруудагы өнүгүүнүн маанилүү тенденциясы шаардын борбордук бөлүгүнөн анын чет жакасына бара-бара өнөр жай ишканаларын алып баруу болуп калды.
Шаарда 2 ири өнөр жай зоналарын – чыгыш жана батыш зоналарын түзүү – шаар аймактарын бир кыйла рационалдуу пландуу уюштурууга көмөк көрсөтөт.
Ошол эле учурда жаңы өнөр жай, айыл чарба жана башка обьектилерди жайгаштырууда райондук пландоонун схемалары жана долбоорлору ар дайым эске алынган эмес, анын натыйжасында максималдуу шаар куруу натыйжасына, экономикалык пайдага, келечектүү социалдык өзгөрүүлөрдүн долбоору белгилеген жаратылышты коргоо максаттарына ж. б. жетүүгө мүмкүндүк жана ишенимдүүлүгү жок.
Г.П. Кутателадзе – Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору, 1931-жылы Өзбек ССРинин Маргелан шаарында туулган. 1957-жылы Москва архитектура институтун аяктап, кеңири профилдеги архитектор адистигин алган. 1957-жылдан тартып 1961-жылга чейин “Кыргызгипрострой” МДИсинде иштеген, ал жерде катардагы архитектордон долбоорлордун башкы архтекторуна чейинки жолду басып өткөн. 1961-жылдан тартып “Кыргызгипрострой” институтунда өнөркана жетекчиси, өнөркананын башкы архитектору кызмат орундарында иштеген. 1971-жылы Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин тескемеси менен Башкы АПБнын начальниги болуп которулган.
Г.П. Кутателадзе – архитектуранын түрдүү чөйрөсүндө чыгармачылык менен иштеген архитектор.
Дээрлик 30 жылдык ишмердигинин учурунда ал тараптан көптөгөн курулуштар түзүлгөн, алар дал ушул күнгө чейин деле өзүнүн заманбаптуулугун жана көркөмдүгүн жоготпой, жооптуу шаардык түйүндөрдү жана магистралдарды түзүп келет.
Ал Башкы архитектор болуп иштеген учурда курулган негизги курулуштар:
- Белинский көчөсүнөн Тынчтык проспектине өтүү жолундагы эстакада /ф-31/
- “Кыргызжолтрансдолбоор” институтунун имараты /ф-32/
- К.Маркс атындагы совхоздо 600 орундуу клуб
- “Пишпек” мейманканасы (жамааттык курамында) /ф-33/
- “Көк-Жар” кичи району (жамааттын курамында) /ф-34/
- Ош базары /ф-35/
- Ленин проспектин комплекстүү жарыктандыруу. Ленин атындагы борбордук аянт /ф-36/
- “Кыргызагропром” имараты /ф-37/
- Финминдин жана Жашылча-жемиш чарба министрлигинин маалыматтык-эсептөө борборунун имараты (жамааттын курамында)
1978-1979-жылдары шаардын борборунун түйүндөрүнүн бирин пландаштырууга жана курууга республикалык конкурс уюштурулган. Биринчи орунду архитекторлор Г.П. Кутателадзенин, К.Камбарбаевдин, А.Кимдин долбоору алган.
За время работы Г.П. Кутателадзе главным архитектором города значительно изменился и обогатился архитектурный облик столицы.
Кесиптештеринин чыгармачыл демилгелерин басынтпастан, ал дайыма өзүнүн иш-аркетин шаар курулушунун биримдигин камсыз кылууга багыттаган, анда ар бир курулуш татыктуу ордун таба алган.
Өнөр жай имараттарынын жана курулмалардын архитектурасын өнүктүрүүнүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрү – өнөр жай ишканаларынын индустриалдык тандалган курулушунун сапатынын кескин жогорулашы жана жетишкендиктерин белгилей кетүү керек.
Өнөр жай объекттерин жайгаштыруу райондук пландоону жана башкы планды эске алуу менен жүргүзүлгөн. Пландаштыруу тажрыйбасына өнөр жай комплекстерин жана түйүндөрүн долбоорлоонун жаңы ыкмалары кирген, натыйжада, өнөр жай ишканаларынын аймактарын пайдалануу коэффициенти кыйла жогорулаган, ишканалар чакан өнөр жай зоналарына багыт ала башташкан. Турак үйлөрдү куруунун мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдө маданий-тиричилик жайларын жайгаштырып жаткандыгы, ошондой эле турак жай курулушу комплекстер тарабынан курулуш багытында өнүгөөрү эсептелет, б.а. турак үйлөрдүн тобу маданий-тиричилик имараттары менен органикалык бириккен.
Бул мезгилде шаарда болгон:
- 17 сейил бактар
- 22 гүлзарлар
- 2 бульвар
- 4 токой сейил багы
Көбөйтүү каралган: коомдук пайдаланууну жашылдандыруу 3 эсеге;
- шаардын жалпы аянтын 13507 га чейин;
- турак жай курулушунун жыштыгын 1 га да 1508 м чейин.
Шаардын өнүгүшүнүн азыркы мезгили социалдык-экономикалык, демографиялык жана шаар куруу чөйрөлөрүндө чоң өзгөрүүлөр менен мүнөздөлөт, ал Бишкектин – көз карандысыз мамлекеттин борборунун шаардык чөйрөсүн түзүүнүн негизги принциптерин кайра кароону шарттайт.
Бишкекбашкыархитектура башкармалыгындагы иштин көлөмүнүн чоңдугуна карабастан, биздин шаардын жакшы колдордо экендигин белгилей кетүү керек, аны адам жөнүндө кам көрүүгө, жайлуулукка, экологиялык жактан таза чөйрөнү түзүүгө багытталган жакшы өзгөрүүлөр күтөт.