Анда Мамкурулуштун, “Бишкек шаардык башкы архитектурасынын” кызматкерлери жана журналисттер ат салышты. Жана ошондой эле анда катышуучулардын бардыгы мыкты даярдыгын, чеберчилигин жана жеңишке жигердүүлүгүн көрсөтө алышты.

Турнир достук жана майрамдык маанайда өттү. Мындай мелдештер мындан ары да өткөрүлүп турат деп ишенем. Оюндар мамлекеттик кызматкерлер менен ЖМК өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилени бекемдөөгө, сый мамилеге өбөлгө түзөт жана муну менен биз дене тарбия маданиятын, спортту жана дени сак жашоо образын жайылтууга салым кошкон болобуз.

Журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайбыз! Чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы идеяларды жана өлкөбүздө  ар дайым жагымдуу кабарлар болуп турушун каалайбыз!

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.