“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин залында депутаттар, архитекторлор жана Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин өкүлү менен биргеликте сейил бактарга, гүл бакчаларга жана жашыл зоналарга жер участокторун бекитүү боюнча маселелерди талкуулашты.
“Бишкекбашкыархитектуранын” жетекчилиги жана жооптуу
кызматкерлери Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына аткарылган иштер жөнүндө айтып беришти. Жолугушуунун максаты Бишкектин жашыл зоналарын сактоо жана сейил бактарды, гүл бакчаларды жана башка жашыл зоналарды ар кандай объекттер менен ээлөөгө жол бербөө маселелерин
талкуулап жана биргелешип чечүүгө, ошондой эле колдонуп жаткан мыйзамдарды бузууга жол бербөө. Жолугушуу аяктагандан кийин дагы кеңейтилген курамда материалдарды кошумча изилдеп чыгып, Бишкектин мэриясынын тиешелүү органдарына борбордун жашыл зоналарын бекитүү үчүн сессиянын кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

                                                                                      

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.