Жыйындар залында мечиттердин өкүлдөрүнө
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин
начальнигинин орун басары Данияр Бапышов жана
архитектуралык-пландоо тапшырмалары бөлүмүнүн начальниги
Гүлзада Усупекова түшүндүрмө беришти.
Келгендерди негизинен өзүнүн менчик аймагында курулган
мечиттерди мыйзамдаштыруу маселеси кызыктырды. Мечиттер ар
кайсы убакта демөөрчүлүк же ашар жолу менен курулган. Мындай
мечиттер негизинен Бишкектин турак жай конуштарында курулган.
Ошондой эле, маселелердин бир бөлүгү башка мамлекеттик жана
муниципалдык органдар менен байланышкан, аларга кайда
кайрылуу керектигин түшүндүрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ар бир объектти жекече изилдөө жана
колдонуудагы мыйзамдардын алкагында бул диний объекттерди
мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.