“Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында Бишкек
шаардык кеңешинин депутаттары, архитекторлор жана мэриянын
кызмат өкүлдөрү кирген комиссиянын мүчөлөрүнүн кезектеги
жолугушуусу болуп өттү. Бишкектин башкы архитектору Урмат
Карыбаев келечектеги гүлбакчалар жана сейил бактар үчүн
участоктордун чектерин тез арада аныктоо боюнча комиссиянын
демилгесин колдоого даяр экендигин айтты.
Райондордун башкы архитекторлору борбордун жашыл
аймактарынын учурдагы абалы жөнүндө бардык керектүү
маалыматтарды беришти.
Кубанычбек Конгантиев Муниципалдык мүлктү башкаруу
департаментинин өкүлдөрүнө бул участоктордун чек араларын
аныктоо үчүн Бишкекбашкыархитектурага кайрылууну сунуштады.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.