Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы “Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана жол-жоболоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун колдонулушун 2020-жылдын 31-декабрына чейин токтото туруу жөнүндө чечими кабыл алынган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы №66 токтому менен бул токтом күчүн жоготту деп табылган.
Азыркы учурда, үй жанындагы жер участокторунун (ПЗУ) долбоорлорун иштеп чыгуу кайра жаңыланды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 токтому менен бекитилген “Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана жол-жоболоо тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Үй жанындагы жер участоктору бөлүмүнүн адистери арыз ээсине кандай документтер керектиги жана эмнеден баштоо керектигин түшүндүрүү үчүн, “үй жанындагы жер участогунун (ПЗУ) долбоорун иштеп чыгуу жана жол-жоболоо тартиби жөнүндө” эскерткич даярдашты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.