Бүгүнкү күндө, Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен бардык мыйзамсыз жана шайкеш келбеген, жарнамалык маалыматтык конструкциялар, ошондой эле шаарыбыздын көркөм-эстетикалык көрүнүшүнө карама-каршы келген конструкциялар боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Учурда, Бишкектеги бардык сырткы жарнак бирдиктүү эстетикалык көрүнүшкө алынып келинүүдө.
Сырткы жарнамага сунуштар жана талаптар
– бир уюмга бир маалымат белгисине уруксат берилет, ал биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы парапет бөлүгү боюнча кире бериш топтун үстүндө жайгашышы керек
– азыркы учурда, бир акча алмашуу бюросуна бир валюта таблосуна уруксат берилет
Бардык башка конструкцияларга, атап айтсак кронштейндер, чоң жана орто өлчөмдөгү баннерлер жана лайтбокстор, учурда буларга тыюу салынган.
Эгерде сиз өзүңүздүн маалыматтык көрнөгүңүздү мыйзамдаштырууну чечсеңиз, анда “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө келип документтериңизди тапшырууңуз зарыл.
Кайсыл документтер керек?
– жайга техникалык паспорттун көчурмөсү
– жайдын ээсинин паспортунун көчүрмөсү
– Сиздин маалыматтык конструкцияңыздын эскиздик долбоору
Эгерде сиз жайдын ижарачысы болсоңуз, анда кошумча документтердин пакетине жайдын ээси менен ижара келишиминин көчүрмөсүн, менчик ээсинен сиздин адамга ишеним каттын көчүрмөсүн жана паспорттун көчүрмөсүн кошушуңуз керек.
– Сиздин маалыматтык көрнөгүңүз жайгаша турган кирүү тобуңуздун сүрөтүн кошууга болот

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.