Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышты
Иш-чара 5 континенттен 48 шаар лидерлерин бириктирген масштабдуу диалог аянтчасы болуп саналат, анда пикир алмашуу жана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы технологияларды жана стратегияларды талкуулоо өткөрүлөт.