Өткөн дем алыш күндөрү, Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин тапшырмасы менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин комплекстүү долбоорлоо бөлүмүнүн начальниги Эйнар Кулбаев БААУнун урбанистика багыты боюнча профессору Эмиль Насритдинов менен, “Шаарды пландоо жана дизайн” багытынын студенттери жана 9-кичи районунун жашоочулары менен жаңы долбоорду талкуулоо үчүн жолугушту.
Бул жолу коомдук мейкиндикти калыбына келтирүүгө көңүл бурулду. Биринчи этаптын алкагында тургундар жана ыктыярчылар менен учурдагы сахнанын үстүнө чатыр орнотуу, отургучтарды жыгач менен каптоо пландалды. Долбоор Бишкек шаарынын тургундарынын каражат чогултуусунун эсебинен, ушул программанын биринчи бүтүрүүчүсү – ырчы Айым Айылчиеванын жазылуучуларынын арасынан каржыланат. Биринчи этаптын аякталышы 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө пландаштырылган, анда жаңыланган сахнада ушул райондун балдары катышкан мюзикл болот.
Эскерте кетсек, бул долбоор “Бишкекбашкыархитектура” ММнын атынан чыккан Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев ишке ашырылышын колдогон жана документтерди даярдоодо ар тараптуу көмөк көрсөткөн биринчи долбоор эмес. Өткөн жылдын октябрында Бишкек шаарынын 10-кичи районунда чөнтөк сейил багынын ачылыш болгон.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.