Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттерине “Чыгармачыл жана уюштуруучулук ишмердүүлүк” темасында лекция окуду.

Эки сааттын ичинде ал тажрыйбасы менен бөлүшүп, архитектор кесибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди жана акыркы жылдары борбордо ишке ашырылган негизги долбоорлор менен тааныштырды. Студенттер жогорку кызыгуу көрсөтүп, шаар куруу, долбоорлоо жана Бишкектин архитектуралык өнүгүү келечегине байланыштуу актуалдуу кесиптик суроолорду беришти.
Айрым катышуучулар “Бишкекбашкыархитектура” ММда практикадан өтүү каалоосун билдиришти, бул жаштардын кесиптик өсүүгө умтулуусун жана шаардын келбетин калыптандырууга активдүү катышуусун тастыктап турат.
Студенттерге жана мугалимдерге жылуу кабыл алуусу жана конструктивдүү диалогу үчүн ыраазычылык билдиребиз!

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.