“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана кызматкерлери ишембиликке чыгып,Турусбеков көчөсүн тазалашты.
Жетекчилер,бөлүмдүн начальниктери, адистер активдүү эмгектенип, таштандыларды тазалап, аймакты ирээтке келтиришти. Натыйжада көчө таза жана шаардыктар үчүн жагымдуураак болуп калды.
Бишкек шаарынын тазалыгы ар бирибизге байланыштуу экенин унутпашыбыз керек. Баардыгыныздарды айлана-чөйрөнү сыйлап, көчөдө таштандыларды калтырбоого чакырабыз-шаарыбызды баары үчүн таза жана сулуу сактайлы.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.