Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басары Назгуль Койбагарова, бөлүмдөрдүн начальниктери жана жетектөөчү адистер борбор калааны өнүктүрүү үчүн зарыл болгон маанилүү, татаал жана талаштуу шаар куруу долбоорлорун талкуулашты. Жыйын
“Бишкекбашкыархитектура” ММнын залында туруктуу техникалык кеңештин алкагында өттү. Мындай жолугушуулар туруктуу негизде өтүп турат жана биргелешип чечимдерди иштеп чыгууга жана шаардык мейкиндикти өнүктүрүүнүн оптималдуу жолдорун табууга мүмкүндүк берет.