Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 18 жана 20-беренелерине ылайык, Медербек Тариэлович Кыдырмаев Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай–коммуналдык чарба министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальниги болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Н.К. Орунтаев кол койгон.
Буга чейин бул кызматты У.К. Карыбаев ээлеп келген.
Дайындоо чечими Кыдырмаевдин жеке арызы жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин 2025-жылдын 16-майындагы № 20-14/1410-1 сунуштамасынын негизинде кабыл алынган.