Расмий ачылыш аземине Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангелдиева, Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев, ошондой эле ар кайсы министрлик, ведомство жана элчиликтердин өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын курулуш тармагындагы ири эл аралык иш-чара 2025-жылдын 15-апрелинен 17-апрелине чейин Бишкекте, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде (Ахунбаев көчөсү, 97) өтөт. Көргөзмөнүн уюштуруучулары бардык каалоочуларды курулуш индустриясынын келечегин түзгөн ар кайсы өлкөлөрдүн инновациялары менен таанышууга чакырат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.