Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин алдындагы “Бишкекбашкыархитектура” ММнын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Бишкектин райондук архитекторлорунун катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальнигинин орун басары Нурдин Есенбаев жана шаардык дизайн бөлүмүнүн начальниги Айгерим Эстебесова, борбордун жашоочулары жана чарбакер субъекттер менен активдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Райондук администрациялардын, Муниципалдык мүлктү башкаруу жана муниципалдык инспекция департаментинин өкүлдөрү имараттардын фасаддарын бекитилген дизайн-кодуна жана фасаддардын паспортуна ылайык келтирүү боюнча ишти активдештирүүгө чакырылды.

“Бишкекбашкыархитектура” ММ Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарына жана фасаддын паспортун алган объекттердин ээлерине кайрылат: иш-аракеттерге өтүү мезгили келди. Биргелешкен аракеттер менен биз Бишкекти таза, жакшынакай жана көзгө жагымдуу шаарга айланта алабыз.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.