КР Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана жамааты борбордун бардык тургундарын жана конокторун сүйүктүү борборубуз Бишкектин 147 жылдыгы менен куттуктайт!
Бишкек – жандуу, жагымдуу жана тез өнүгүп жаткан шаар. Быйыл борбор калаада жаңы мектептер, бала бакчалар, музыкалык мектептер, ооруканалар, спорттук комплекстер жана футбол аянтчалары курулду. Заманбап коомдук мейкиндиктер ачылып, көчөлөр жана тротуарлар көрктөндүрүлүп, жашоо жана эс алуу үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлүүдө.
Борбордун өнүгүшүнө Бишкекбашкыархитектуранын адистери жана жетекчилиги, ошондой эле Бишкек мэриясынын кызматтары күн сайын салым кошууда. Бул видеодо биз жыл ичинде жасалган иштердин аз гана бөлүгүн көрсөттүк. Жаратылгандардын баары адамдар үчүн, келечекте ыңгайлуу жашоо үчүн. Бишкек – мүмкүнчүлүктөрдүн шаары.
Туулган күнүң менен, сыймыгым Бишкегим!
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу достор!

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.