Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Киев көчөсүндө Манас проспектисинен чыгыш тарапты көздөй сырткы жарнактарды демонтаждоо иштерин жүргүзүштү.
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин архитектуралык-техникалык корутундулары колунда бар ишкерлер ишкананын талаптарын аткарышкан эмес жана шаардын кодуна туура келбеген көрнөктөрдү орнотушкан. Буга байланыштуу, мэриянын кызматтары тарабынан демонтаж жасалган.Айрым ижарачыларга жана объект ээлерине, Бишкек…