Бул үч күндүк жолугушуу шаар мэрлери, архитекторлор, изилдөөчүлөр жана активисттер жолугушкан эң ири эл аралык окуя болду.
Форумдун негизги максаты – тажрыйба алмашуу, шаардык чөйрөнү жакшыртуу жана Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын шаарларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн чечимдерди талкуулоо.
Урмат Карыбаев, Бишкек мэриясынын жана “Бишкекбашкыархитектура” ММнын атынан Nikken Sekkei өкүлү менен биргеликте шаар курулушун талдоону жана 2050-жылга чейин Бишкекти өнүктүрүүнүн концептуалдык, стратегиялык планын тааныштырды. Документ Nikken Sekkei компаниясы тарабынан даярдалган – бул бай кылымдык мурасы бар архитектура, шаар куруу жана мастер-пландаштыруу боюнча дүйнөлүк лидер. Алар 40 өлкөдө, анын ичинде Япония, БАЭ, Кытай, Россия жана АКШда 20 миңден ашуун ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлору менен сыймыктанышат.
Жолугушууда биздин мекеменин башка кызматкерлери да сөз сүйлөштү, бирок бул тууралуу кийинки чыгууларда айтылат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.