Дүйнөгө белгилүү Toyota Group брендинин бир бөлүгү болгон япониялык ири Aero Asahi corporation компаниясынын өкүлдөрү Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев менен жолугушушту. Компания геомейкиндик маалыматын жана шаардын үч өлчөмдүү моделин катмарлоо жолу менен түзүлгөн санариптик картаны даярдоо жаатында кызматташууну сунуш кылат.
Иштеген бардык мезгилинде компания 50 гө жакын өлкөдө 200 гө жакын долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Атап айтканда, контролдук чекиттерди сүрөткө тартуу, тегиздөө (нивелирование), топографиялык картага түшүрүү, ШАС маалыматтарын, тутумдарды жана башкаларды түзүү.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев шаардын мындай заманбап жана келечектүү долбоорлорго кызыкдар экенин айтты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.