“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасын санариптештирүү боюнча долбоордун жетекчиси Феликс Шапиро ишкананын жетекчилигине жана жамаатына санариптик кол тамгалардын жардамы менен документтерди электрондук түрдө кабыл алуу жана берүү үчүн эмне жасалгандыгын айтып берди. Ал белгилегендей, бул биринчи гана этап, ал эми ишке ашыруу процесси ушул айда башталат. Бардык этаптар жаңы жылга карата аяктайт. Ишке ашыруу жана оңдоо жол-жоболору февраль айынын аягында улантылат.
Жолугушууда долбоордун өкүлдөрү даяр программалык камсыздоону көрсөтүштү, аны толук ишке киргизгенден кийин кызматкерлер тезирээк жана сапатын жоготпостон иштей алышат.
Презентациянын жүрүшүндө архитекторлорго, тапшырыкчы электрондук түрдө арызды берип гана калбастан документти даярдоонун бүткүл жараянын кантип көзөмөлдөө мүмкүн экендиги көрсөтүлдү. Ал эми аяктагандан кийин мурункудай адистер жөнөткөн СМС-билдирүү аркылуу эмес, Telegram же электрондук почта аркылуу автоматтык кабарлоо болот, бул тапшырыкчынын каалоосу боюнча.
Долбоордун жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күндө “Түндүк” тиркемелери жана башка кызматтар менен интеграция жүрүп жатат. Ошондой эле, Шапиронун сөзү боюнча программа ишке киргенден кийин “Бирдиктүү терезе” бөлүмүндө адам фактору азаят жана иш жакшырат.
“Бишкекбашкыархитектура” МИ борбордогу шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн эң ири камсыздоочусу болуп саналат, ошондуктан АӨБ пилоттук долбоор катары дал ушул органды тандады. Жолугушууда адистер программалык камсыздоо кызматкерлерге тезирээк жана сапатын жоготпостон иштөөгө жардам берерин айтышты.
Белгилей кетүүчү нерсе, кагаз варианты келип ушул жерде кайрылууну чечкендер үчүн кала берет. Эскерте кетсек, эки ай мурун Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев иштеп чыгуучулардан мөөнөттөрдү кыскартууну жана жакынкы айларда алгачкы жыйынтыктарды көрсөтүүнү суранган эле. Айтылган сөз аткарылды!