Бишкек шаарынын муниципалдык райондорунун ортосундагы чек араларды тактоо, ошондой эле административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) аймактарын аныктоо максатында “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан борбордун төрт районунун жооптуу адамдарынын жана Мамкаттоонун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме уюштурулду.
Жолугушууда Бишкектин төрт районунун аймактарынын чектерин аныктоо, ошондой эле жаңы кошулган Сокулук жана Аламүдүн райондорунун айыл аймактарын бөлүү маселелери талкууланды. Бишкекбашкыархитектура жакын арада райондук администрациялардын жана Мамкаттоо өкүлдөрүнүн пикирлерин эске алган сунуш киргизет. Бул сунуш картографиялык негиздемеси менен Бишкек мэриясына андан ары талкуулоо жана акыркы чечим кабыл алуу үчүн берилет.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.