Бишкектин 10-кичи районунда чөнтөк сейил багы деп аталган сейил бактын ачылышы болду. Бир нече ай аралыгында БААУнун урбанистика багыты боюнча профессору Эмиль Насритдинов Жердин балдары фондунун студенттери жана волонтерлору менен бирге бул сейил бакты түзүшкөн.
Өткөн дем алыш күндөрү анын расмий ачылышы болду. Бул жерде урбанисттердин ою боюнча кичи амфитеатр, отургучтар, рампалар, тепкичтер, брусчаткалар, коомдук искусство, мозаика жайгаштырылды, ошондой эле веложолго жана тротуарга чыгуучу пандус жасалды. Бул долбоор бир нече ай мурда Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевге жана “Бишкекбашкыархитектура” МИнин Бишкекти комплекстүү долбоорлоо секторунун жетекчиси Эйнар Кулбаевге сунушталган.
Кийинки сейил бакка каражат чогултуу боюнча эстафетаны БААУнун урбанистика магистратурасынын студенти Алтынай Юсупова ушул эле программанын бүтүрүүчүсү ырчы Айым Айылчиевага тапшырды. Ошентип, жакында башка жерде жаңы коомдук мейкиндик пайда болот.
Шаардык акупунктура – бул шаар куруудагы түшүнүк, ал кеңири позитивдүү эффектке жетүү үчүн шаардык чөйрөдө чакан масштабдуу, дайындуу өзгөрүүлөрдү камтыйт, ал эми чөнтөк сейил багы – кароосуз калган же пайдаланылбаган жерде жайгашкан кичинекей сейил бак. “Чөнтөк” деп аталат, анткени дубалдын жанында же имараттардын эки дубалынын ортосунда жайгашкан “чөнтөктү” түзөт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.