Начальник жана анын орун басарлары шаар куруу жана архитектура
маселелери боюнча борбордун тургундарын кабыл алышат. Жетекчинин
орун басары Нурдин Есенбаев ишкананын жыйындар залында тургундардын
көптөгөн суроолоруна жооп берди. Негизинен шаардыктарды Бишкектин
турак жай конуштарындагы жер участокторун мыйзамдаштыруу маселеси
кызыктырды, ошондой эле жарандар үй жанындагы жер участокторун жол-
жоболоо жана павильондорду орнотуу үчүн документтерди даярдоо боюнча
маселелерди көтөрүштү. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык
ишканасынын начальнигинин жер маселелери боюнча орун басары Нурдин
Есенбаевге жеке кабыл алууга: 0312 45-68-27 телефону боюнча жазылуу
мүмкүн экендигин эскертебиз.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.