Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевдин төрагалыгы
астында КР Мамкурулуш тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз
Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана
башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга
киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо
жөнүндө” жобонун маселеси боюнча жыйын болуп өттү.
Жолугушууга “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын
жетекчилиги, бөлүмдөрдүн начальниктери, адистер, архитекторлор жана
долбоорлоочулар катышты.
Катышкандар эки күндүн ичинде сунушталган Жобонун маселелерин
активдүү талкуулашты, алар андагы дал келбестиктерди, ыңгайсыздыктарды
жана долбоорлоочулардын, тапшырыкчылардын иши үчүн ашыкча
бюрократияны табышты.
Бул жобону бир нече саат талдап чыккандан кийин, архитекторлорго
электрондук вариантын берүү чечими кабыл алынды, алар дагы өз
сунуштарын киргизишет жана жөнөкөйлөштүрүлгөн вариантын КР
Мамкурулушуна өткөрүп беришет.
Иштелип чыккан документ көлөмдүү болгондуктан маселелердин бир
бөлүгүн гана карап чыгууга мүмкүн болду, кайра чогулуп сунуштарды
киргизүү процессин жыйынтыктоо чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.