Бишкектин башкы архитектору, Урмат Карыбаевдин демилгеси менен
ишкананын адистери Татарстан Республикасына сапарга чыгып келишти.Казань шаарын өнүктүрүү институтунда Казаньдын башкы
архитектору Ильсияр Тухватуллина менен анын орун басарлары, ошондой эле бөлүмдөрдүн жана башкармалыктардын начальниктери менен жолугушуу
болуп өттү.”Бишкекбашкыархитектура” МИсы тарабынан расмий делегациянын
курамында ишкананын начальнигинин орун басары Назгүл Койбагарова, ошондой эле бөлүмдүн начальниктери жана адистер болду.
Шаар куруу уруксаттарын даярдоо, башкы планды ишке ашыруу жана Казань шаарын өнүктүрүү боюнча өзүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы менен
архитектура башкармалыгынын адистери бөлүштү.Ошондой эле, Казаньдын адистери санариптештирүү, кагаз жүзүндөгү
документтерден электрондук документ жүгүртүүгө өтүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Видео коруу  https://youtu.be/QqCDZhS-Or8

photo_2023-11-10_13-28-16
photo_2023-11-10_13-28-26
photo_2023-11-10_13-28-29
photo_2023-11-10_13-28-36
photo_2023-11-10_13-28-21
photo_2023-11-10_13-28-12

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.