«Шлагбаум» аймагын көрктөндүрүү
«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы эл арасында «Шлагбаум» деп аталган райондун Ю.Фучик көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоорду иштеп чыкты.
Соода объектилери, коомдук тамактануу жана билим берүү мекемелери топтолгон жөө жүргүнчүлөр тыгыны орун алган кыйла кенен аймак бүгүнкү күндө тышкы жарнактардын, соода күркөлөрүнүн жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коммуникациялардын бузулушу менен кызыксыз чөйрөгө айланды. Ошол эле учурда кыймыл үчүн, адамдардын кыска мөөнөттүү эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттар жок, аймактын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшү жакшыртуу зарыл.
Мекемелердин автопарктарында шаар аралык каттамдагы маршруттук микроавтобустарды батыш тарапка жөнөтүү пункту уюштурулган (Кара-Балта шаары, Сокулук айылы, Беловодское айылы ж.б.).
Мындай район, андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл инфраструктурага ээ болгон маанилүү шаар куруу түйүнү көңүл бурууга татыктуу жана сапаттуу өзгөртүүнү талап кылат.
Долбоордо аймактарды күркөлөрдөн бошотуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды токтотуучу жайларга коюу ыкмасын өзгөртүү менен кичи автобустар үчүн токтотуучу жайларды жоюу, тротуарларды кеңейтүү, отургучтар менен эс алуу жайларын орнотуу каралган. Ошондой эле аянтты кечки жарыктандырууну жакшыртуу, жашыл аянтчаларды көбөйтүү, жаңы үлгүсүндөгү коомдук транспорт аялдамасын орнотуу пландалууда. Мындан тышкары, татаал транспорттук түйүнгө келе жаткан унааларга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн көчөнүн түштүк тарабындагы, кесилишине жакын жайгашкан унаа токтотуучу жайларды жоюп, ордуна бак-дарактарды отургузуу сунушталууда.
Чөнтөк сейил багы үчүн да орун табылды. Дэн Сяопин көчөсүндөгү №4 жана № 6 үйлөрдүн ортосундагы пайдаланылбаган мейкиндик биздин көңүлүбүздү бурду, ал камералык коомдук мейкиндикти түзүүгө толук ылайыктуу болгон «чөнтөктү» түздү. Биздин планды ишке ашыргандан кийин бул жер өзгөчөлүүлүккө жана жагымдуулукка ээ болуп, ал жерде шаардыктар токтоого, отурууга, эс алууга жана андан ары басууга ыңгайлуу болот, ошондой эле жергиликтүү тургундар «дайыма колдо» болгон сейил бакка ээ болушат.
Долбоордун өзгөчөлүгү болуп шлагбаумдун конструкциясына окшош арт-объект, «жердин генийи» (genius loci) жердин образын чагылдырат. Муну менен шаардын, шаардыктар үчүн бул жердин тарыхый маанисин баса белгилөөнү чечтик.
Бул долбоор, шаардын батыш кирүү аймагын көрктөндүрүү темасынын уландысы. Биздин долбоордун бир бөлүгү шаардын кире беришинде ишке ашырылган. Бул чекиттерди байланыштыруу жана Дэн Сяопин проспектинде коомдук мейкиндиктердин үзгүлтүксүз тармагын түзүү пландаштырылууда, ал үчүн тиешелүү долбоорлор иштелип жатат. Анткени, шаардагы жаңы жайлуу эс алуу жайларына, коомдук мейкиндиктерге коомчулуктун суроо-талабы өсүүдө жана шаардык жайлуу мейкиндик шаардын «алтын квадратынан» сыртка чыккандыгы маанилүү.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.