Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын залында Бишкек мэриясынын шаардык кызматтарынын жана ишкананын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйынды Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев ачты.
Жолугушуунун алкагында “Бишкектин беш турак жай конушун
комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун бет ачары жана талкуу болду.
Бүгүн И.Раззаков атындагы КМТУнун шаар куруу кафедрасынын
башчысы Толобай Кеңешов “Мастер план – Бишкектеги Калыс-Ордо жеке конушун пландоо – мейкиндикте кайра түзүү долбоору” менен
тааныштырды. Практикалык тажрыйбасы бар Архитектор илимий иштери жана алардын тажрыйбасын практикада колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып берди. Алсак, Институт Бишкектин 5 турак-жай конушу үчүн мастер пландарды иштеп чыккан.
Тактап айтканда, экологиялык өнүгүү, маданият жана эс алуу,
транспорттук жана жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдор, инженердик-транспорттук инфратүзүм жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча схемалар түзүлгөн.

Жолугушуунун катышуучулары докладды угуп, андан кийин пикир
алмашышты. Мастер-планды Толобай Кеңешов дагы Бишкек мэриясында жана Министрлер Кабинетинде көрсөтүүнү пландап жаткандыгын айтты.
Белгилей кетсек, бул долбоор аны ишке ашырууга каражаттарды бөлүп
берүүнү пландап жаткан эл аралык уюмдун жардамы менен ишке ашат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.