“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын начальнигинин
орун басары Назгүл Койбагарова Кыргызстандагы курулуш бизнесинин
көйгөйлөрүнө жана келечегине арналган тегерек столго катышты. Ошондой
эле, жолугушууга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Шаршенбай уулу
Руслан, JIA бизнес-ассоциациянын өкүлү Сатыбалдиева Гульнара,
Кыргызстан Мамкурулушунун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү,
ошондой эле курулуш компанияларынын кызматкерлери жана көз
карандысыз эксперттер катышышты.
Бул жолугушуунун уюштуруучуларынын ролунда Economist.kg 
финансы басылмасынын негизги максаты, бизнес менен мамлекеттик
органдардын ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү болуп саналат. Бир
нече сааттын ичинде катышуучулар бири-бирине суроолорду берип, керектүү
маалыматтарды алышты.
 “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын
начальнигинин орун басары Назгүл Койбагарова өз сөзүндө уруксат берүүчү
документтерди даярдоодогу иш процесстери жана долбоорлорду кароо
жараянында пайда болгон маселелер тууралуу айтып берди.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.