Бишкектин
башкы архитектору Урмат Карыбаевдин жеке көзөмөлү астында ички милдеттерди чечүү үчүн заманбап, интеграцияланган коопсуз тармакты
процесси башталды.Бүгүн, Борбордук Азиядагы белгилүү тутумдук интеграторлор
“Бишкекбашкыархитектура” МИ үчүн локалдык тармактын долбоорун иштеп чыгып, аны урмат Карыбаевге сунушташты.
Алар, биринчи кезекте, ишкананын натыйжалуу иштеши үчүн нөлдөн баштап жаңы локалдык тармакты курууга мүмкүндүк берген коопсуз
долбоор болорун айтышты.Буга чейин жетектөөчү жеке жана мамлекеттик ишканалар жана
компаниялар колдонуп келе жаткан заманбап жабдуулар vpn-туннелдерин курууга жана башка мекемелер менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин пландарына ылайык, ишкана 2024-жылдын экинчи кварталында толугу менен жаңы
локалдык тармакка өтүүгө ниеттенүүдө жана it-адистер бул убакта санариптештирүүнүн алкагында кезметтик планды санариптештирүү
программасын бүтүрүшөт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.