Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев Бишкектин башкы архитекторунун
кубогу үчүн жыл сайын өтүүчү футболдук мелдештин ачылышында сөз сүйлөдү.

Жалпысынан ишкананын кызматкерлеринен турган 6 команда ойнойт, ошондой
эле мурдагы адистер чакырылган, алар легионерлер катары катышат.

Урмат Карыбаев өз сөзүндө кызматкерлерди футбол сезонунун ачылышы менен
куттуктап, ийгилик каалады.

“Адилеттүү жана эреже боюнча ойноңуз, анткени сиздер бүтүн бир
командасыздар. Мен да убакыт бөлүп, Сиз менен оюнга катышууга аракет кылам.
Жаракат албай финалга чыгууга аракет кылыңыздар жана эң күчтүүсү жеңишке
жетсин”, – деди ал.

Кубок 5 жумага созулат жана эки айлампа оюну бири бири менен принциби
боюнча өтөт.

Командалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү.

1 команда – архитектуралык-пландоо тапшырмалары
2 команда – жеке турак жай курулуш
3 команда – жер участокторун түзүү
4 команда – райондук архитекторлор бөлүмү
5 команда – дизайн жана ландшафт бөлүмү
6 команда- топография жана ШАС бөлүмү

Он турдун соңунда, үч жеңүүчү командага Бишкектин башкы архитектору
кубокторду жана эстелик белектерди жеке өзү тапшырат.

 

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.