“Бишкекбашкыархитектура” МИнин Свердлов районунун башкы
архитектору Алмаз Мажитов тарабынан Абдрахманов көчөсүндөгү кирүү
топторун, маалыматтык конструкцияларды жана жарнамалык көрнөктөрдү
тартипке келтирүү, ошондой эле имараттардын фасаддарын жаңылоо
маселелери боюнча кезектеги көчмө комиссия уюштурулду.
Бул иш-чара, Свердлов району боюнча муниципалдык администрациянын,
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча
департаментинин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Жер
пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте
өткөрүлдү.
Биринчи кезекте комиссия мүчөлөрү имараттардын фасаддарын сырдоо
боюнча иштердин жүрүшү менен таанышышты.
Ошондой эле, көчмө жыйындын жүрүшүндө дүкөндөрдүн жана ишкерликти
тейлөө чөйрөсүнүн ээлери жана ижарачылары менен маалыматтык
конструкциялар жана жарнамалык көрнөк-жарнактар боюнча түшүндүрүү
иштери кайрадан жүргүзүлдү. Көптөгөн чарбалык субъекттер жүргүзүлүп
жаткан иштерге жоопкерчилик менен мамиле кылышканын жана өздөрүнүн
маалыматтык конструкцияларын эскиздик долбоорго ылайык
келтиришкенин белгилеп кетүү зарыл, алардын нускалары мурда
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин кызматкерлери тарабынан ушул
жайлардын менчик ээлерине жана ижарачыларына берилген болучу.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.