“Шаар куруу ишин жөнгө салуу, аймактык пландоо – башкы
пландар, мастер-пландар, куруу жана жер пайдалануу эрежелери
(ПЗЗ)” панелдик сессиясында “Бишкекбашкыархитектура”
муниципалдык ишканасынын башчысы борбордогу азыркы
кырдаал жана өнүгүү келечеги тууралуу айтты.
“Бишкектин башкы планынын аяктоо мөөнөтү жакындап
калгандыгына байланыштуу, Бишкектин жаңы башкы планын
иштеп чыгууну баштоо маселеси курч турат. Бүгүнкү күндө,
Бишкек мэриясында аталган документти мындан ары иштеп чыгуу
боюнча сунуштарды даярдоо максатында атайын комиссия
түзүлдү”, – деди ал.
Урмат карыбаев башкы пландын башкы милдеттеринин бири –
турак жай, транспорт жана социалдык инфратүзүмдү
оптималдаштыруу, ошондой эле калктын учурдагы өсүшүнө
ыңгайлашуу экенин белгиледи.
Ал башкы планды пландоо чечимдери, керектүү жумуш
орундарынын жана турак жай фондунун өсүшүн эске алышы керек
деп эсептейт.
Ошондой эле, Кыргызстандын, Россиянын жана Өзбекстандын
спикерлери: “Аймактарды өнүктүрүү – комплекстүү курулуш,
шаардык жана туристтик инфратүзүм”, “Заманбап архитектура:
актуалдуу тенденциялар, улуттук окшоштукту издөө”, “Долбоордук
тармакты санариптештирүү”, “BIM – санариптик долбоорлоштуруу
эволюциясындагы жаңы этап” жана башка темалар боюнча
панелдик сессияларга катышышты.
Форумдун уюштуруучулары болуп, Кыргызстандын
Архитекторлор союзу жана Москва областынын долбоорлоочулар
ассоциациясы чыкты.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.