“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын
башчысынын орун басары Марат Жороев Чүй проспектинин
Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектине чейинки сырткы
көрүнүшүнүн архитектуралык-көркөм концепциясын жеке өзү
түшүндүрүп, ишкерлерге көрсөттү.
Ошондой эле, комиссиялык чыгууга Биринчи май районунун
башкы архитектору Дастан Кадыров, жарнама жана дизайн
бөлүмүнүн башчысы Алмаз Каримов, Биринчи май району боюнча
муниципалдык администрациянын, Муниципалдык мүлктү
башкаруу департаментинин өкүлдөрү жана башкалар катышышты.
Ишкерлерге “Бишкекбашкыархитектура” МИнин эскиздик
долбооруна ылайык кирүү топтору жана маалыматтык
конструкциялар-көрнөктөр кандай болушу керектигин айтып
беришти жана көрсөтүштү.
Ар бир менчик ээсине же ижарачыга комиссия мүчөлөрү “Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын
кошуп, долбоорго ылайык көрнөктөрдү белгилүү бир мөөнөттө өз
алдынча бузуу жана жаңыларын орнотууга тийиш болгон
билдирмелерди тапшырышты.
Бул иш шаардын башка райондорунда да жарыш жүргүзүлүүдө.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.