Бүгүн, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин жыйындар залында
ишкананын жетекчисинин орун басары Нурдин Есенбаевдин
төрагалыгы алдында жана Свердлов районунун акиминин орун
басары Рустам Касымбековдун катышуусунда Саадаев көчөсүндөгү
турак жайдын тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Ошондой
эле, жолугушууга бөлүмдөрдүн жетекчилери катышышты.
Эл көтөргөн негизги маселе, бул Саадаев көчөсүндө жайгашкан
жер участокторун мыйзамдаштырууда болгон көйгөйлөр болду.
Мындан башка да, ушул кварталдын “жашыл жана кызыл
сызыктарына” түзөтүү киргизүү, учурдагы сейил бактын чек
араларын бекитүү жана турак үйлөрдү инженердик
коммуникацияларга туташтыруу жөнүндө маселелер көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда, каралып жаткан турак жай конушунун
өкүлдөрүнө “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы
тарабынан аткарылган иштер, ошондой эле каралып жаткан жер
участокторунун көйгөйлөрүн чечүүдөгү мындан аркы жол-жоболор
жөнүндө кеңири маалымат берилди.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.