Көчмө комиссия Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыктын өкүлдөрүнүн, Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациянын адистеринин, Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, №12, 13-МАБдардын кызматкерлеринин катышуусунда болду, көзөмөлдөө ыйгарым укуктары берилген ыйгарым укуктуу органдар дүкөндөрдүн жана ишкердик кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ээлерине жана ижарачыларына маалыматтык конструкциялар-көрнөктөр боюнча эскертмелерди тапшырышты.
 Комиссиялык чыгуунун жүрүшүндө жогоруда аталган органдардын өкүлдөрү белгилүү бир мөөнөттө, кирүү топторун жана маалыматтык конструкцияларды – көрнөктөрдү “Бишкекбашкыархитектура” МИси тарабынан берилген эскиздик долбоорго ылайык келтирүүгө милдеттендиришти, ошол эле учурда “Бишкекбашкыархитектура” МИнин кызматкерлери ушул жайлардын менчик ээлерине жана ижарачыларына кирүү топторунун жана маалыматтык конструкциялардын – көрнөктөрдүн макулдашылган эскиздик долбоорун көрсөтүштү.
 Мындан ары, бул иш Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте улантылат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.