Көчмө комиссия Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясынын кызматкерлерини менен биргеликте болуп, адистер тарабынан дүкөндөрдүн жана ишкердик кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ээлерине жана ижарачыларына маалыматтык конструкциялар-көрнөктөр боюнча ордунан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Комиссиялык чыгуунун жүрүшүндө жогоруда аталган органдардын өкүлдөрү белгилүү бир мөөнөттө, кирүү топторун жана маалыматтык конструкцияларды – көрнөктөрдү “Бишкекбашкыархитектура” МИси тарабынан берилген эскиздик долбоорго ылайык келтирүүгө милдеттендиришти, ошол эле учурда ишкананын кызматкерлери ушул жайлардын менчик ээлерине жана ижарачыларына кирүү топторунун жана маалыматтык конструкциялардын – көрнөктөрдүн макулдашылган эскиздик долбоордун нускаларын тапшырышты.
Мындан ары, аталган иш-чаралар, Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте улантылат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.