Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин жетекчилиги астында
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын адистери Бишкек шаарынын
түштүк бөлүгүндө пландалып жаткан “Көп функционалдуу “Барселона” комплексин
куруунун курулуш долбоорун иштеп чыгышты.
Долбоор “Ак-Башат” долбоордук компания тарабынан иштелген.
Аянты 10 000 кв. м. комплекстин аймагында төмөнкүлөр жайгашат:
стадион;
окуу академиялары;
мектеп;
балдар бакчалары;
мейманкана, турак жай үчүн апартаменттер ж.б.у.с.
Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев Шаар куруу кеңешинин
жүрүшүндө бул долбоордун маанилүүлүгүн, анын артынан биздин келечектеги
футболчулардын даярдыктын жаңы деңгээлине чыгаарын белгиледи.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.