Дэн Сяопин проспекти боюнча батыш кирме жолун көрктөндүрүү
кызуу жүрүп жатат.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы
боюнча, бүгүн Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин
төрагалыгында көчмө кеңешме болуп өттү. Ага орун басары Марат
Жороев, Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери
катышып, алар батыш кире бериш аймагынын долбоорун ишке ашыруу
маселелерин жеринде талкуулашты.
Долбоорлоо объектиси Дэн Сяопин проспектисинин боюнда,
шаардын чек арасынан 1400-1500 метр аралыкта, Б.Алыкулов
көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки аймак болду.
Эскизге ылайык, проспектини бойлой түштүк тарабында тротуарлар
төшөлүп, ага веложолдор түшүрүлдү. Ю. Фучик көчөсүнөн Патрис Лумумба
көчөсүнө чейин өткөн веложол Б.Алыкулов көчөсүнө чейин уланышы керек
жана анда улуттук тематиканын элементтери менен чакан архитектуралык
формаларды жайгаштыруу пландаштырылууда. Ошондой эле, элдин
жайлуулугу үчүн жашыл аянттары бар аллеяларды, ыңгайлуу отургучтар
менен жабдылган гүлзарларды жана кечки убакта бардык аймакты
архитектуралык-көркөм жарыктандыруу менен аллеяларды куруу
пландаштырылууда.
Учурда кызматтар тротуар плиталарын, жөө жүрүүчүлөр үчүн асфальт
төшөөнү жана өзүнчө тротуарды төшөөнү аяктап жатышат. Аны менен бирге,
эксклюзивдүү отургучтарды жана жарыктандырууну орнотуу иштери
аяктоодо. Мындан тышкары, бул участоктогу чакан архитектуралык
формалар Кытайдын архитектуралык жана ландшафттык дизайн салттарын
эске алуу менен “Бишкекбашкыархитектура” МИнин адистери тарабынан
атайын иштелип чыккан.
Эскерте кетсек, проспект Кытайдын көрүнүктүү мамлекеттик жана
партиялык ишмери, экономикалык реформалардын демилгечиси Дэн
Сяопиндин атынан аталган.
Жолугушуунун соңунда Бишкектин башкы архитектору Урмат
Карабаев жашыл аянттарды сапаттуу сугарууну уюштуруу жана коомдук
транспорттун аялдамасын жаңыртуу зарылдыгын белгиледи.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.