Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев Гастелло
көчөсүндөгү жөө жүрүүчүлөр зонасы долбоорунун концепциясын
толугу менен кайра карап чыкты.
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин
жетекчилиги астында “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык
ишканасынын адистери эл аралык стандарттарга жооп берген жана
заманбап урбанистканын бардык талаптарына жооп берген
концептуалдык эскиздик долбоорду аякташты.
Ишкананын кызматкерлери Гастелло көчөсүндөгү гүлбакчаны
көрктөндүрүү боюнча 3D визуалдаштырууну аякташты.
Көрктөндүрүү жери болуп Гастелло көчөсү тандалган,
Медеров көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин, узундугу 500 метрден
ашык.
“Бишкекбашкыархитектура” МИнин долбоору боюнча,
бүтүндөй көчө учурдагы мейманканалары жана ресторандары
менен жөө жүрүүчүлөргө арналмакчы, ошондой эле келечекте ар
кандай кафелерди, дүкөндөрдү жана бутиктерди жайгаштыруу
пландалууда.
Учурдагы бөлүштүрүүчү каналдын боюнда архитекторлор
тарабынан суу арыгы менен жөө жүрүүчүлөр аллеясын жасоо
сунушталган.
Балдар үчүн көптөгөн өлкөлөрдө белгилүү болгон “Архимед
бурамасын” орнотуу сунушталып заманбап балдар ойноочу
аянтчаны жайгаштыруу үчүн өзүнчө орун бөлүнгөн. Ал балдарга
физика мыйзамдарын ачык көрсөтөт. Кабылдоону, илимге
кызыгууну өнүктүрөт. Ошондой эле, долбоордо заманбап жыгачтан
балдар аянтчасы каралат.
Эскерте кетсек, бул көчөгө БШКнын депутаты Руслан
Шаршенбай уулу, Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев,
Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов комиссиялык
түрдө чыгып, курулуштун бөлүктөрүн талкуулашты.

Видеону көөрүү  https://www.youtube.com/watch?v=5iXRsprqfOk 

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.