Шабдан Баатыр проспектинин боюнда (Курманжан Датка көчөсүнөн
Лермонтов көчөсүнө чейинки аралыкта) веложолу менен тротуарды
уюштуруу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле борбордун эстетикалык
көрүнүшүн жакшыртуу максатында, Бишкекбашкыархитектура
муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин, курамында Свердлов
районунун башкы архитектору Алмаз Мажитов, жол-транспортту өнүктүрүү
бөлүмүнүн, ошондой эле Свердлов району боюнча муниципалдык
администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык
мүлктү башкаруу боюнча департаментинин адистеринин катышуусунда
комиссиялык чыгуу уюштурулду.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан жеңилдетилген типтеги
объекттерди уруксатсыз орнотуу, кирүү топторун уюштуруу, ошондой эле
көп квартиралуу турак үйлөргө улап куруулар түрүндө көптөгөн мыйзам
бузуулар аныкталган.
Жогоруда аталган курулуштардын ээлери менен муниципалдык аймакты өз
билемдик менен басып алууга жол бербөө боюнча жеринде түшүндүрүү
иштери жүргүзүлдү.
Көчмө кеңешменин жыйынтыгы боюнча комиссиянын курамы тарабынан
каралып жаткан аймакты шайкеш келтирүү боюнча таасирдүү чараларды
көрүү зарылдыгы жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.