Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш
башкармалыгы 2023-жылга карата курулуштардын титулдук
тизмесине ылайык курулуш иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө белгилүү болгондой, троллейбустардын акыркы
бурулуучу жолунун түштүгүнө брусчатка (тротуар плиткасы)
төшөө аяктап, тепкичтерди орнотуу боюнча бетон иштери
аткарылууда. Сугат арыктарынын көпчүлүк бөлүгү орнотулуп
бүткөн.
Мындан тышкары, тротуар үчүн негиз даярдалып бүттү, ошондой
эле аянтчаларды бузуу иштери аткарылды. Ошондой эле, электр
жарыгынын кабелдерин төшөө аткарылган.
Бул долбоор “Бишкекбашкыархитектура” МИнин адистери
тарабынан иштелип чыккандыгын белгилей кетүү керек.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.