“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын
залында Техникалык кеңеш болуп өттү. Бишкектин башкы
архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басарлары Назгүл
Койбагарова жана Нурдин Есенбаев, долбоорлорду макулдашуу жана шаар куруу кеңешин өткөрүү бөлүмүнүн
начальниги Жаныбек Супуев, бөлүм башчылары
жана адистер татаал жана талаштуу долбоорлорду чогуу
талкуулашты.
Иштердин бир бөлүгү, Курулуш ченемдери жана
эрежелерине ылайык келбегендигине байланыштуу четке
кагылган. Башкы архитектор У.Карыбаев архитектор-
долбоорлоочуларды долбоорлорду иштеп чыгууга
жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.