Жарандарды салттуу түрдө жеке кабыл алууну
“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын
башчысынын орун басары Нурдин Есенбаев өткөрдү.
Бүгүн, негизинен жер маселелери боюнча суроолор менен 20дан
ашык адам келди.
Жарандарды кабыл алуу күнүнө карата бөлүмдөрдүн адистери
архивдик иштерди иликтешет жана зарыл маалыматтарды
даярдашат, андан кийин аны начальниктин орун басарына беришет,
ал жолугушууда алардын көйгөйлөрүн чечүүнүн мүмкүн болгон
жолдорун айтып берет жана көрсөтөт.
Жолугушуу учурунда жарандардын көпчүлүк бөлүгү өзүлөрүнүн
жер участокторунун чек араларына кызыгышты.
Ошондой эле, бүгүнкү күндө маанилүү маселелердин бири болуп
жер мунапысы калууда. Бул багытта иш күчөтүлүп, активдүү
жүргүзүлүүдө.
Борбор калаанын жашоочулары 45-68-27 номери боюнча
начальниктин орун басарларына жеке кабыл алууга жазыла
алышат, анда алар маселенин маңызы жөнүндө айтып, телефон
номерин калтыруусу тийиш.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.