Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров жана борбор калаанын башкы архитектору
“Астананын 25 жылдыгы: Астана-келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин
форумунун ачылышына катышышты.

Шара башчысы форумдун катышуучуларынын алдында саламдашуу сөзү менен
чыгып, Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду
ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу үчүн ар дайым ачык экендигин белгиледи.

Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаевге жолугушууда анын
кесиптеши – Астананын башкы архитектору, архитектура, шаар куруу жана жер
мамилелери башкармалыгынын жетекчиси Алмас Жанбыршы Астананын башкы
планын айтып берип, көрсөттү.

Ал эски жана жаңы шаар жөнүндө, пландар жана калктын өсүшү жөнүндө кеңири
айтып берди. Алмаз эски шаарда жаңы үйлөр да абдан көп экенин баса
белгиледи. Жолугушуунун соңунда шаар куруу жана архитектура жаатында
кызматташуу, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана энергетикалык коопсуздук
маселелери боюнча макулдашылды. Ошондой эле, Урмат Карыбаев
кесиптешинен алдыдагы Бишкектин башкы планын иштеп чыгууда, кеңеши менен
көмөк көрсөтүүнү суранды.

Видеону көрүү: https://www.youtube.com/watch?v=1Vx3_c6Z1MU

 

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.