Өкмөттүк акселераторлордун командасы Бишкекте алгачкы
жыйынтыктарга жетишишти. Министрликтердин жана
ведомстволордун кызматкерлери “Кыргыз Республикасында
электромобилдер үчүн электр чордондорун орнотууга уруксат
алууну жөнөкөйлөтүү” долбоорунун бир бөлүгү боюнча жыйын
залында эмес, жер-жерлерде унааны кубаттоого мүмкүн болгон
алгачкы орнотулган пункттар менен таанышышты.
Жолугушууга КР Президентинин Администрациясынын
өкүлү, Экономика жана коммерция министринин орун басары,
ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура” МИнин башкы инженери
жана башка кызматтар катышышты. Эки жеке компаниянын
өкүлдөрү, адегенде Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү гипермаркеттин
жанында, андан кийин Киев көчөсүндө борбордун мэриясынын
артындагы бүткөрүлгөн ишти көрсөтүштү.
Бул чакырыкты аткаруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар
КР Экономика жана коммерция министрлиги, Бишкек мэриясы
жана КР Энергетика министрлиги болуп саналат.
Белгилей кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялар бул
жабдууларды кабыл алып, эсептегичтерди орнотуусу тийиш, андан
кийин гана чордондор иштеп баштайт.
“Бишкекбашкыархитектура” МИси электромобилдер үчүн
кубаттоочу станцияларды жайгаштыруунун тармактык схемасын
иштеп чыкты.
Жалпысынан, ушул челлендж этабында 30 дан 60 ка чейин
электр кубаттоочу чордондорун орнотуу пландаштырылган.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.